Музей тууралуу

Кален Жетимишбаев атындагы тарых-санжыра музейи жөнүндө маалымат


-Райондук тарых-таануу музейи 1993-жылы 20-ноябрда РМАнын №232 токтому менен коомдук башталышта ачылган. Музей  директорлугуна Кален Жетимишбаев коомдук башталышта бекитилген.
-1995-жылы 12-майда РМАнын №62 токтому менен расмий түрдө ачылып, 4 штаттык бирдик ачылган.
— 1998-жылы 8-декабрда Оргочор айлындагы дүкөн келишимдин негизинде музейге сатып берилип, Сарт, Тилекмат акелердин эстеликтери ачылган.
-1999-жылдын 29-сентябрындагы Райондук Кенештин №130 - чечими менен райондук тарых-таануу музейине Жетимишбаев Кален атанын ысымы ыйгарылган.
-Кыргыз Республикасынын билим жана маданият министрлигинин 2002-жылдын 19-сентябрындагы № 502 буйругунун негизинде Бишкек Гуманитардык Университетинин башкаруусуна жана каржылоосуна өткөрүлгөн.
Бишкек Гуманитардык Университетинин 2006-жылдын 11- майындагы №83 буйругунун негизинде райондук тарых-таануу музейи Жети-Өгүз райондук маданият бөлүмүнүн балансына кайра өткөрүлүп берилген.
24-чакырылыштагы райондук кеңештин 6-сессиясынын 2007- жылдын май айындагы №42 токтомунун негизинде каржылоо Оргочор айыл өкмөтүнө өткөрүлгөн.
-Райондук мамлекеттик администрациясынын 2008-жылдагы токтомунун негизинде 2008-жылдын 1-январынан музейдин мүлкү райондук маданият бөлүмүнүн карамагында алынып, райондук бюджеттен каржылоого өткөн.
-Учурда музейде 5937 даана экспонат бар, алардын ичинде негизги фонд 3693 даананы түзөт. Булардын катарында 202 санжыра, тарыхый инсандар жөнүндө китепчелер бар.
-Музейдин ээлеген аянты 644.4 м кв
-Иш бөлмөлөрдүн пайдалануу аянты-722.68 м кв, бардык иш бөлмөлөр 13
-Музей алдындагы чарбалык аянт-493,2м кв. Айкелдин айланасындагы аянт менен 38493 м кв түзөт.