Музей тууралуу
Кален Жетимишбаев атындагы тарых-санжыра музейи жөнүндө маалымат
Учурда музейде 5937 даана экспонат бар, алардын ичинде негизги фонд 3693 даананы түзөт. Булардын катарында 202 санжыра, тарыхый инсандар жөнүндө китепчелер бар.
Музейдин ээлеген аянты 644.4 м кв
Ысык-Көлдүн 7 акеси
Кыргыздын боз үйү
Боз үй — кыргыздын турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү.
Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган.
Экспонаттардын түрлөрү
Музейде санжыра, тарых, белгилүү инсандар, улуттук буюмдар, археологиялык табылгалар багытындагы экспонаттар коюлган
Суроолоруңуз барбы?
Музей тууралуу сизди кызыктырган суроолорго жооп алуу үчүн биз менен байланышыңыз